реклама
super.kg logo

Жүргүнчүлөргө билдирме! Ички аба каттамдардын кызматын пайдалана турган жарандарга бир катар талаптар коюлат

 

Саналуу күндөрдөн кийин "Манас" эл аралык аэропорту ички каттамдарды жандантат. Анда коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында бир катар эрежелер түзүлдү. Ага ылайык, башка аймакка уча турган жүргүнчүлөргө төмөндөгүдөй талаптар коюлат.

"Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропортторунун аэробекет комплекстеринин имаратында буларга гана кирүүгө болот:

  • * билети бар жүргүнчүлөр;
  • * ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген же жашы жете элек балдарды коштоп келгендер;
  • * уюлдук телефондо билеттин электрондук версиясы же билет бар болгон учурда гана кире алышат.

Жүргүнчүлөрдү узатуучулар же тосуп алуучулар аэропорттун аймагына убактылуу киргизилбейт.

Жүргүнчүлөр каттоо башталардан 2 саат мурда келиши керек. Учактын учарына 40 мүнөт калганда каттоо башталат.

"Мекеменин ичине кирерде жүргүнчүлөр жана алардын жүктөрү дезинфекциялоочу туннелден өтөт. Мындан тышкары жарандардын дене табы текшерилет. Жарандар сөзсүз түрдө бет кап тагынып, социалдык аралыкты (1 жарым, 2 метр) сактап, жеке гигиеналык талаптарды аткарышы шарт. Эгерде жүргүнчүдө клиникалык оорулардын белгилери (дене табы жогору болуп, жөтөлсө, дем алуусу кыйындаса, чыйрыкса жана башка белгилер болсо) байкалса ал ооруканага жеткирилет".

Ал эми учуп келген жарандарга коюлган талаптар:

Учуп келген жарандар жана алардын жүктөрү дезинфекциялоочу туннелден өтөт;

Жарандардын дене табы текшерилет;

Аэропорттун ичине кирүүдө коргоочу бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактоо, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу шарт;

Оорунун клиникалык белгилери байкалса жүргүнчү ооруканага жеткирилет.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
147289;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: