реклама
super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Папан айылынан өтө албай калдык. Бычак менен коркутуулар болуп жатат" дейт окурман

 

Кечээ, 3-июнда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан айылынын жашоочулары жолду тосуп, ары-бери өткөндөрдү коркутуп жаткандыгы тууралуу окурман SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Гур айылынын тургунумун. Өзүм көмүр ташып, Папан айылы аркылуу өтүп турам. Кечээ күнү 50дөй адам топтолуп алып, жолду тосушуп, өтпөйсүңөр деп бычак менен коркутушуп, кийимдерибизди айрып салышты. Буга чейин деле ары-бери өткөнүбүздө бизди бир-эки жолу коркутуп сабашкан. Коркконубуздан эч нерсе дей алган жокпуз. Биз деле Папан айыл округуна карайбыз. Бүгүн айылга кете албай жатам. Кимге кайрылышыбызды деле билбей калдык", - деди окурман.

Азырынча бул билдирүү боюнча экинчи тарап комментарий бере элек, SUPER.KG порталы экинчи тараптын жообун угуп, жарыялоого даяр.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.



Папан айылында жолду тосуп, өткөрбөй жатышат

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
04.06.2020. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
12-12-2016
Соӊку аракети:
12-07-2020 18:39
Жынысы:
Белгисиз
+4
25-майда дагы Папандыктар жол тосуп чыгып, мамелесин чечип бердик деди эле Узарбек Жылкыбаев. Көмүр ташыгандар башка жол менен өтүп калышты деп
04.06.2020. 15:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
30-10-2019
Соӊку аракети:
12-07-2020 21:30
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Туулган айылым
+4
Ушунчалык акыл-денгээлибиздин томондугу ай озубуздун элибизди озубуз сабап. Элде эмне куноо проблеманарды бийликке айтпайсынарбы
04.06.2020. 17:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1178
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
13-07-2020 00:58
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тушундуруп толук жазгылачы кимдер эмнеге жол тозот себеби эмнеде?
04.06.2020. 18:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
12-12-2016
Соӊку аракети:
12-07-2020 18:39
Жынысы:
Белгисиз
+6
aerforce, Папан айылынан көмүр ташыган чоң машинелер өтө берип асфальт бузулуп кетиптир, ошону токтотуш максат болуп атат. 25-майда мамлекет көмүр ташыган машинелерге башка жол көрсөтүп беришкен экен
04.06.2020. 21:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
10-04-2015
Соӊку аракети:
12-07-2020 18:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
-BOSS-,Рахмат. aerforce берген жоообунан мен да тушунуп алдым.Жазганда кичине тушунуктураак жазса
04.06.2020. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
485
Катталган:
27-11-2015
Соӊку аракети:
13-07-2020 01:18
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жапайычылык
05.06.2020. 02:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
13-11-2019
Соӊку аракети:
11-07-2020 00:53
Жынысы:
Белгисиз
+2
тура кылышат айылды аралабай айланма жол менен откуло да кетсе 2 литр солярка кетет та
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
147230;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: