Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абал алынды деп талаптарды жеңилдетүүгө эрте экенин айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен болгон санарип баарлашуу учурунда аймактарда коронавирус инфекциясы менен күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы өзгөчө абал алынды деп талаптарды жеңилдетүүгө эрте экенин баса белгиледи.

"Кыймыл-аракетке, ишкердикке болгон катуу чектөөлөр алынганы менен санитардык талаптарга байланыштуу чектөөлөр алынган жок. Ар кандай маалыматтарды тараткандар бар. Эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Силерден жергиликтүү эл менен тыгыз иштөө талап кылынат", - деди өлкө башчы.

Президент жеке коргонуучу каражаттарын сөзсүз колдонуу, социалдык аралыкты сактоо, ишканаларды дезинфекциялоо талаптарынын катуу сакталышы мэрлерге жана облус жетекчилерине жүктөлгөндүгүн эске салды. Республикалык штаб менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков сырттан кайтып келген жана колдоого муктаж мекендештердин маселесине көңүл бурду.

"Обсервацияларга жайгаштыруу, карантиндин шарттарын сактоону уюштуруу, аларды иш менен камсыздоо жана колдоо багытында ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Аларга туруктуу жумуш орундарын түзүү жергиликтүү бийликтин милдети. Ошондуктан ар бир жетекчи облустун аймагындагы ири өндүрүш ишканаларынын туруктуу иштөөсүн жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүсүн көзөмөлгө алышы абзел", - деп кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан