Дүйнөгө кулачын кеңири жайган коронавирус инфекциясы Кытай жана АКШ окумуштуулары тарабынан жасалма жол менен жаралган. Бул тууралуу норвегиялык вакцина илимпозу Биргер Сёренсен жергиликтүү "NRK" телеканалына маек берип жатып билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Коронавирусту америкалыктар менен кытайлар "функцияны алуу менен мутациялар" деп аталган изилдөөлөрдүн жүрүшүндө чыгарышкан. Мындай иш дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жатат. Эч ким бул жөнүндө айтпай жатат", - деген Сёренсен.
Анын бул сөзүнө англиялык профессор Ангес Далглиш дагы кошулган. Алардын билдирүүсүндө Вашингтон менен Пекин илгертен эле бул жаатта кызматташып келген. Ошол эле учурда алар коронавируска карата изилдөө жүргүзүшкөн. Ага ылайык, вирус жаныбарлардан адамдарга өткөндөн кийин мутацияга учураган эмес. Алар коронавирус адамга атайын жуктурулган болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.
Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус инфекциясы дүйнөдө жалпы 7 миллион 33 миң 333 адамдан аныкталды. 406 миң 522 адам каза болсо, 3 миллион 149 миң 989 бейтап айыгып чыкты.