Ооругандардын жалпы саны 466га жетти. Коронавирус дагы 17 жарандан аныкталды. Алардын 10ну эркек, 7өө аял киши. Сутка ичинде коронавируска кабылганы аныкталгандардын эң көбү Нарын облусунда (11 адам).
16-апрелге карата жалпы 13 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 91 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Медицина кызматкерлеринин дагы 5өө коронавирус жуктурду. Алардын жалпы саны 104кө жетти.
Бишкекте өзгөчө абал учурунда кызматтык унаада мас абалында кармалган кызматкерлер иштен айдалды.
Өзгөчө абал киргизилген Нарында 8 адам эреже бузуп кармалды. Алардын алтоо мас абалда болгон.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрель окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.