Акыркы суткада өлкөнүн медициналык жайларында коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 7 адам көз жумду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып айтты.
Анын айтымына караганда, каза болгондордун баары Бишкек шаарында катталды.
Муну менен республика боюнча 1 миң 859 адам илдеттен каза болду.