Орусияда акыркы бир сутка ичинде 9 миңдей адамдан коронавирус аныкталып, 183 адам каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 8 миң 987 адамдан аныкталды. Бул илдеттен 183 адам каза болсо, 8 миң 220 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 1 миң 714;

Москва облусунда - 730;

Свердлов облусунда - 320;

Санкт-Петербург шаарында - 274 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 511 миң 423 адамдан коронавирус аныкталды. 6 миң 715 адам каза болсо, 269 миң 370 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан