Жогорку Кеңештин дагы бир депутатынан коронавирус аныкталды. "Анын аты-жөнүн атай албайбыз" дешет парламенттен

Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

"Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен COVID-19 илдети аныкталды. Айрым булактар жазгандай, беш депутат ооруду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Инфекция жуктурган депутаттар жана аппарат кызматкерлеринин ысымдарын атай албайбыз. Себеби бул алардын жеке өзүнө тиешелүү маалымат. Алардын айрымдары алыста жашаган туугандарын, ата-энелерин кабатыр кылгысы келбейт. Ооругандардын бардыгы обочолонгон. Соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир бербейт. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери толук ПЦР-текшерүүдөн өтүп бүтө элек. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы расмий маалыматты жакынкы убактарда жарыялайт. Рахмат!", - деп жазган ал.

Буга чейин, 19-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдиновдон коронавирус инфекциясы аныкталган.

Жогорку Кеңештин эки депутаты коронавирус жуктуруп алды
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tatli_MeIek
2020-06-22 15:27:22
асылбектен чыкса керекда
+2
Bars88
2020-06-22 16:15:22
Бир депутат бир депутатка жугузса бизге утуш
+7
Aimani
2020-06-22 16:23:00
Дастандын утушу башталды
+4
rysik79
2020-06-22 16:27:01
Жомок.
+1
aslonur
2020-06-22 16:34:05
Эптеп эс алыш да 2өө ооруса 120сы эс алат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан