Бүгүн, 16-июнь саат 10:00гө карата өлкөдө дагы 100 жарандан коронавирус аныкталды. Муну менен ооругандардын жалпы саны 2 миң 472ге жетти. Маалымат саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев тарабынан белгилүү болду.
Бишкек – 57
Чүй облусу – 11
Ош шаары – 11
Ош облусу – 6
Ысык-Көл облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 1
Нарын облусу – 9
Талас облусу – 3.
Сутка ичинде илдет аныкталгандардын 9у сырттан келгендер, арасында айдоочулар дагы бар.