Кытай окумуштуулары коронавирус илдети 2019-жылы Индияда чыккан деген божомолдорду айтышууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылган маалыматка ылайык, вирус жаныбарлардан адамдарга жуккан. Тактап айтканда, күндүн аптаптуу ысыгында жаныбарлар жана адамдар бир сууну ичүүгө мажбур болушканын адистер айтышууда. Ошондой эле коронавирус пайда болушу мүмкүн болгон жерлер катары Италия, Чехия, Австралия, АКШ жана башка өлкөлөр айтылууда.
Изилдөөгө ылайык, кытай эксперттери 2019-жылдын аягында Ухандан чыккан вирус алгач Индияда чыккан деген божомолдорду айтышууда.
Ал эми Глазго шаарынын окумуштуулары кытайлык кесиптештеринин далилдери ишенбөөчүлүк жаратарын билдиришкен.
Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесус коронавирустун келип чыгышын изилдөө Ухандан башталышы керек деген жыйынтык чыгарган.