Бүгүн, 19-июнга карата өлкөдө коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын бири каза болду. Маалымат саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев тарабынан белгилүү болду.
"Бейтап 1950-жылы туулган. Ал 25-майда бээнин сүтүн ичкенге барган, 30-майда дене табы көтөрүлүп, жашаган аймагы боюнча медициналык жайга кайрылган.
Кийинчерээк, тагыраагы, 7-июнда бейтап Кыргыз-Түрк ооруканасына которулуп, дарыланып жаткан. Ага эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги, коронавирус диагнозу коюлган", - деди Үсөнбаев.
Ал эми республикалык штабдан коронавирустан каза болгон жаран 1965-жылы туулган деген маалымат таратты.
Өлкөдө коронавирустан улам каза болгондордун саны 32ге жетти.