Тынчтык Алтымышев аттуу социалдык тармактын колдонуучусу өзүнүн баракчасына коронавирус инфекциясына каршы күрөшүп жаткан дарыгерлердин видеосун жүктөдү.
Видеого ал "Ынтымак", "Бий жана көнүгүү" деп жазып калтырган.
Бул видео көпчүлүк адамдардын маанайын көтөрүп, айрымдары: "Биздин баатырларды колдойлу. Алардын маанайын көтөрөлү", - деп жазып калтырган.
Кыргыз өлкөсүндө жалпы 2 миң 269 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталса, анын ичинен 600 медкызматкер айыгып чыкты.