№27 түзөтүү абагынан дагы 3 кызматкерден коронавирус чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
"Мурда 4 кызматкерден коронавирус чыккан. Ал эми азыркы изилдөөлөрдө 3 кызматкерден табылды. Азыр алар байланышта болгон бардык жарандар табылып, алардан анализ алынууда", - деди ал.