Премьер-министр: "Алтынай Өмүрбекова, Космосбек Чолпонбаев болгон тажрыйбасын, билимин, энергиясын көп маселелерди чечкенге жумшады"

Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Токторов вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова күнү-түнү иштегенин айтты.

"Бул кызмат үйрөнүп кетет да дей турган кызмат эмес, өтө чоң кызмат. Купуя сырлар болот. Алтынай Сейитбековна түнү-күнү иштеди. Качан чалсам дагы жумуш ордунда отурган болот. Бирок жакшы иштеген кишини жакшы иштеди деш керек. Аида Жекшенбаевна, сиз дагы ошондой деңгээлге татыктуу болуңуз. Сиз дагы түнү-күнү иштеңиз", - деп депутат Аида Исмаиловага кайрылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: "Алтынай Өмүрбекова, Космосбек Чолпонбаев жакшы иштешти. Эки жылда болгон тажрыйбасын, билимин, энергиясын көп маселелерди чечкенге жумшады. Азыр талап катуу, азыркы илдет, күч-аракет өзгөрүп жатат. Алар өздөрү чечим кабыл алды", - дейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан