Коронавирус пандемиясы учурунда Өзбекстанда жумушсуздардын саны 600 миң адамга көбөйүп, жалпы 2 миллионго жетти. Бул тууралуу жумушка орноштуруу жана эмгек мамилелери министри Нозим Хусанов жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде билдиргенин өзбек басылмалары жазышат.
“Ушул жылдын башында жумушсуздардын саны болжол менен 1 миллион 400 миң адамды түздү. Ошондон бери коронавирус пандемиясынан улам айрым ишканалар жабылып, жумушсуздардын саны 2 миллионго жакындап калды. Мындан тышкары чет өлкөдөгү жумуштарына бара албай жаткан 500 миңге жакын жарандарыбыз бар", - деген Хусанов.
Пандемияга чейин Өзбекстанда жумушсуздук деңгээли 9,3 пайызды түзгөн. Акыркы болжолдуу маалыматтар жана алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул көрсөткүч 14-15 пайызга чейин өстү.
Мындан сырткары Нозим Хусанов жумуш орундарын калыбына келтирүү үчүн жаңыча идеялар менен, тагыраагы балык чарбасы, канаттуулар чарбасы, коён багуу, тигүү цехтери жана башка тармактагы иштерди жандандыруу керектигин белгилеген. Жумушсуздукту азайтуунун дагы бир жолу катары – коомдук жумуштар болуп саналат. Пандемия учурунда жумушу токтоп калгандар үчүн атайын коомдук иштер уюштурулат.
Өлкө башчысы Шавкат Мирзийоев май айында Өзбекстанга чет өлкөдөн 39 миң жаран кайтып келгенин билдирген. Мындан сырткары дагы 12 миң киши кайтып келери күтүлүүдө. Ал эми Москвадагы Өзбекстандын элчилиги учурда Орусияда жүргөн 65 миңдей жаран үйлөрүнө кайтуу өтүнүчү менен кайрылып жатышкандыгын билдирген.