Ички иштер министрлигине караштуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольский мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Ага ылайык, Запольский кечээ, 27-июнда 39 жашында көз жумган. Андан 2 күн мурун ооруп ооруканага жаткырылган.
"Азырынча Запольскийдин өлүмүнүн себеби тактала элек. 23-июнда COVID-19га ПЦР-тест тапшырып, анализи таза чыккан", - дешти ИИМдин маалымат кызматынан.
Запольскийдин өлүмүнүн себебин Саламаттыкты сактоо министрлиги тактап берери, андан кийин кошумча маалыматтар болору айтылат билдирүүдө.
Олег Запольский аталган кызматты 2019-жылдан бери жетектеп келген. Милициянын подполковниги. Буга чейин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысынын орун басары, ыкчам-издөө башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган.
SUPER.KG порталы Олег Запольскийдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.