Коңшу Өзбекстанда жалпы 9 миң 463 бейтап COVID-19 илдетинен сакайды. Ал эми коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 17 миң 314тү түздү. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Ага ылайык, акыркы бир сутка ичинде 184 бейтап оорудан сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Бүгүн, 21-июлга карата Өзбекстанда жалпы 91 адам оорудан көз жумган.
Коңшу өлкөдө коронавирус инфекциясы алгачкы жолу 15-мартта катталган.