Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 3-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Жарлыкка ылайык, коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык кызматкеринин күнүнө байланыштуу бир катар медициналык кызматкерлер сыйланганы маалымдалат:
III даражадагы «Манас» ордени менен:
Гүлжигит Аалиев — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачы;
Асамидин Марипов— Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын директору;
№9
«Даңк» медалы менен:
Айгүл Жумаканова — Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык сыноолор борборунун жетекчиси;
Бегим Кабылова — Чүй облусунун Москва районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;
Гүлийпа Мадраимова — Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын гепатология бөлүмүнүн медайымы;
Берилсин:
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» деген ардактуу наам:
Тамара Бектенова — Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун паразитологиялык лабораториясынын башчысына;
Галина Голощапова — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын УЗИ врачына;
Бурулбүбү Жаркынбаева — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын № 9 бөлүмүнүн башчысына;
Үсенкул Жоробаев — Жалал-Абад облусу боюнча координациялоо функциясы менен Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачынын орун басарына;
Калбүбү Касмалиева — Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;
Гүлмира Калмамбетова — Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун республикалык референс лабораториясынын башчысына;
Атыркүл Кыргызбаева — Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басарына;
Малик Мамбетов — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачына;
Элмира Масымбаева — Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу, жугуштуу оорулар борборунун эпидемиолог-врачына;
Асадилло Мурсалиев — Жалал-Абад облусунун С.Жолдошев атындагы Сузак аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;
Абдымомун Насиров — Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун транспорттогу «Ош» эл аралык аэропортундагы санитардык-карантиндик пунктунун башчысына;
Айнагүл Рыскулбекова — Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысына;
Гүлнара Рыспекова — Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн инфекционист-врачына;
Чолпон Сагындыкова — Талас облусу боюнча координациялоо функциясы менен Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачына;
Фариса Сыдыкова — Бишкек шаарынын № 14 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк врачына;
Исламбек Тойтонов — Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын № 2 жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысына;
Акшоола Турдуматова — Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн инфекционист-врачына;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Жанна Абдураимова — Ош шаардык клиникалык ооруканасынын директорунун медайымдар иши боюнча орун басары;
Айнура Акматова — Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы;
Дамира Ашыралиева — Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин кызматкери, вирусологу;
Зарина Бакирова — Ош облусу боюнча координациялоо функциясы менен Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясынын башчысы;
Улукбек Бектурганов — Чүй облусу боюнча координациялоо функциясы менен Ысык-Ата райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы;
Нурлан Галбаев — Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси;
Акжол Жороев - Баткен облусунун Лейлек райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы;
Исабекова Назира Сагынбаевна — Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;
Исманалиева Диларахан Айдаровна — Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы;
Ишенапысова Гулбара Сатыгуловна — Республикалык иммунологиялык профилактикалоо борборунун директору;
Калдыбаева Айнек Сетенбаевна — Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы врачынын медайымдар иши боюнча орун басары;
Кучук Татьяна Энверовна — Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык жугуштуу ооруларды лабораториялык диагностикалоонун сапатын контролдоо илимий-практикалык борборунун жетекчиси;
Мамажанов Дилшод Бахтиярович — Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын инфекциялык контролдоо адиси;
Ражапбаева Атиргүл Шүкүрүллаевна — Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунун Оштогу чумага каршы бөлүмүнүн бактериологиялык лабораториясынын башчысы;
Сооронбаева Эркингүл Жусуповна — Нарын облусунун Ат-Башы райондук Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиологунун жардамчысы;
Тойлубаева Рахат Мискинбаевна — Талас облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы;
Чоробаева Нургүл Тургунбаевна — Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук Жалпы врачтык практикалоо борборунун медайымы;
Шерматова Мастура Умирзаковна — Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн улук медайымы;
Эсенгелдиева Гүлбарчын Муратовна — Бишкек шаарынын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вирусологиялык лабораториясынын башчысы.