Ошто кыз узатуу тою өтүп жаткан ресторандын администрациясына 13 миң сом айып салынды

Бүгүн, 4-июлда Ош облусунун Кара-Суу районунда кыз узатуу тою өтүп жаткан ресторандын администрациясына айып пул салынды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалым болгондой, ресторан 15 күнгө жабылды.

"Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жана райондук санитардык-эпидемиологиялык станциянын өкүлдөрү тарабынан "Баястан" ресторанында кыз узатуу аземи болуп, анда 60 адам бар экени аныкталды. Мындан улам ресторандын администрациясына 13 миң сом айып пул салынып, ресторандын иши 15 күнгө токтотулду. Аталган ресторанга бир апта мурда 3 миң сом айып пул салынып, эскертүү берилген болчу.

Кыз узатуу тойду Алай районунун Т.М. аттуу тургуну өткөрүп жаткан. Ал кызын Бишкек шаарына узатып жаткан", - дешти мекемеден.

Кечээ, 3-июлда Ош шаарынын аймагында той-мааракелерди өткөрүүгө белгисиз мөөнөткө чейин тыюу салынганын республикалык штабдан кабарлашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
0001KG
2020-07-04 19:43:43
Адамдар ресторандагы окшош тойлордон тажабадыңарбы? Окшош тамактар, окшош музыкалар, окшош жарым жылаңач кыздар, окшош кожо көрсүн тпой балдар, окшош уяты жок тамадалар, булар силерди тажатпадыбы?))
+31
Arstan18.18
2020-07-04 19:54:41
Тойго тойбос болдукго! Жакын туугандар 20 Адам узатып койсонор болбойбу? Малда кош десен басат кырдаалды коруп туруп неге мынтип атат адамдар! 13мин аз. Тойканвн администрациясын 60 Адам баарын 3 суткага камап коюш кк.
+26
Aika1988
2020-07-05 00:31:13
Arstan18.18,Бул жакта той бере турган заман болуп жатабы ушундай топтолбой тургула деп какшап жатса да эл өзү түшүнбөй койду.Ошондуктан да вирус тез тарап жатат кичине күтө тургула да..Күндө канча адам ооруп өлүм өмүр менен алышып жатат..Бул жагдайдан чыгып алсак болот да тойлор Али алдыда.
+8
Shef87
2020-07-04 20:00:44
Манкуртчулук
+13
aydinnur
2020-07-04 20:05:18
Алтынбек Сулаймановдун иниси да бар турбайбы,Ош шаарына депутат экен..Агасын уят кылды да иттин баласы,агасы Россиядан келчу врачтардын кем карчын бут толоп берем деп жатса,инисинин кылганы бул..Ташиевди тумшукка бергендей сабайт го инисин эми..
+10
natasha00
2020-07-04 20:31:25
aydinnur,тушунуктуураак жазчы? Ташиевдин эмне тиешеси бар?
+5
aydinnur
2020-07-04 21:07:32
natasha00,Жогорку Кенештин мурунку чакырылышында Камчыбектин мурдун канжалата чаап,кайра кечирим сураганын айтып жатам,инисин да ошондой сабай алаар бекен деп..
0
natasha00
2020-07-04 20:35:45
Акчанар батпай жатса кыйналгандарга жардам бергиле, уят барбы? Эл эмне бп коркуп жатат силерге баарыбирби? Ушундай тойлорго 1отоло тыюу салса да ыраазымын! Кыргыздар той кылып эле банкрот болот!
+11
kanybek1986
2020-07-04 21:09:33
Тойдун ээсине да салыш керек эле штраф
+7
Aza.Zari
2020-07-04 22:51:33
13 миң сом эмес 13 миң доллар айып салыш керек болчу аздык кылат
+14
-BOSS-
2020-07-05 01:15:22
Өздөрү котолоп элдин баарын чакырып той берди деп чогулушат дагы, эртең ооруп калып "Өкмөттү" күнөөлөп чыгышат.
Өкмөттү мактабайм го бирок алар эскертип атса болбой отко айдаса бокко качкан өздөрүндө күнөө экенин билишпейт.
+8
Belek1710
2020-07-05 01:47:08
3000сом, 13000сом төлөп коюп, кайра өткөрө беришет да. Эл эмне болуп атат, түшүнбөгөндөргө олчойтуп эле салсынчы 500миң кылып, өткөрө беришсин анан көрөт элек. Штрафтан түшкөн акчага 1тыйынын коротпой аппарат алганга жумшаш керек.
+6
Nadia68
2020-07-05 10:32:33
Гилейген ресторанга 13 мин кеппи?
+6
Umar0306
2020-07-05 10:56:07
Кагылайын Кыргызым,ушундай кырдаалда эл чогултуп той топурду өткөрбөй турсаңарчы.Өзү биз Кыргыздар кенебес калк келебизда,"тоок тубарда какылдайт"-болуп,качан көтүбүзгө келгенде кокуйлап калабыз.Вирус көбөйүп атат күндөн күнгө,ушундайда медиктерге жардам кылалы ошолордун айтканын угуп.Азыркы абалда той өткөрбөй койсоңор эч ким таарынбайт.
+3
AykaMer
2020-07-05 12:41:00
Тойсуз кызыңар бактысыз болобу же той кылбасаң эрге тийбейм дедиби? Ушундай тополоңдо кысып эле тургулачы ар кимге залакаңарды тийгизбей.
+5
salihalady
2020-07-05 15:50:08
Андай тойлор Карасуудагы "Кут ордо"ресторанында тынбай эле болуп жатат.Аны текшерген киши жок.
+1
Cherik.777
2020-07-05 18:02:14
Ото эле аз
0
reyba
2020-07-06 14:50:27
Ресторанжар Азыр бир кишиге канча алышат 350- 400сомбу? Штраф салганда киши башына ушунча салса озу эле токтойт. Ушундай штраф эле салып койгула и тыйбай эле койгула. Пусть откоро беришсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан