Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду Райымбек Матраимовдун демилгеси менен Кыргыз өлкөсүндө эбегейсиз тездик менен тарап жаткан COVID-19 илдетине каршы күрөшүү акциясын улантууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Белгилүү болгондой, өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков ар бир Кыргыз жаранын бул кырдаалда кайдыгер карап турбай, элге кол сунуусун, ак халатчан өмүр сакчыларына колдоо көрсөтүү керектигин айткан эле.
"Акыркы төрт күн ичинде Райымбек Матраимовдун командасы Бишкекте жана Ошто стационардык ооруканаларды ачуу менен алек болду.
Бүгүн саат 14:00дө биз Бишкектеги «Rixon» мейманканасынын базасында оорукана ачып жатабыз. Бул жакта жалпы орундардын саны 60. Мейманкананын аймагында дарыгерлер үчүн жатакана уюштурулат;
Мындан сырткары «Эльдорадо» соода борборунун аймагында да стационар ачылат. Ал оорукана 200 адамга ылайыкталган;
Ошто «Андрос-Ош» көп профилдүү оорукананын базасында да 35 орундуу оорукана ачылат;
Эгерде ооруканалар дагы деле жетишпей жаткан болсо, биз «EREM» спорт комплексин күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даярбыз", - деп айтылат маалыматта.
Бул убактылуу ооруканаларда фонд коронавирус илдетинин кесепетинен келип чыккан пневмониянын оор түрү менен жабыркаган оорулууларды айыктыруу үчүн бардык шарттарды түзүп жатат. Ар бир ооруканада жандандыруу бөлүмү болот.
Алсак, Райымбек Матраимов тарабынан:
- 10 жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ);
500 кислороддук концентратор;
2 портативдүү рентген аппараты;
50 кандагы кислородду текшерүүчү оксиметр;
200 дарыгерге коргонуучу костюмдар сатып алынды.
Андан тышкары дарыгерлердин айлыктары, оорулуулардын жана медицина кызматкерлеринин 3 маал тамагы фонд тарабынан камсыздалат.
Кайрымдуулук фондунун өкүлү Искендер Матраимов, вице-премьер Акрам Мадумаров атайын комиссия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтаптарды дарылоо процессин көзөмөлгө алып, ооруканаларды дарыгерлер менен камсыздоо ишин колго алмай болду.
Өз кезегинде Райымбек Матраимов жана Исмаил Матраимов кайрымдуулук фондунун командасы Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Саламаттыкты сактоо министрлигине тез арада кызматташкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирет.