Ошко Москвадан дагы 343 Кыргыз жараны учуп келди

Бүгүн, 5-июлда Москва-Ош багыты боюнча чартердик каттам менен Орусиядан 343 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Каттамга Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген. Өлкөгө кайтып келген жарандар алгоритмге ылайык, обсервацияларга жайгаштырылат.

Бул каттам президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашууларынын алкагында жүзөгө ашырылды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
sumaya
2020-07-05 13:54:47
Атайын комисссиясы жалан акчасы барларды,боюнда бар же оорулуу деп жонотуп жатышат!Чыныгы кеткени мажбур адамдар жатат очередь кутуп!Коррупция кыргыздын канына синип бутуптур!
+3
Majit1975
2020-07-05 15:33:09
sumaya,булар заранее билет алгандарбы же сразу эле алып атышабы?кетиш үчүн кимге кайрылыш керек?
0
sumaya
2020-07-05 18:26:16
Majit1975,Посольствага арыз жазыш керек,негизи чартер рейсте только,боюнда бар,жаш балалуулар ,оорулулуулар жана жаш улгайган адамдар гана кетиш керек.Бизде андай болбой жатпайбы,жалан зынкыйган жапжаш жигиттер учуп атат,ким акчасы бар ,таанышы барлар!Посольствада 7000 адам арыз жазгандар очередте экен.
0
bond0202
2020-07-05 22:27:55
sumaya,акча берип келип аткан зынкыйган жигиттер оздору да уялыш керек да.
0
Zhoro
2020-07-05 15:33:21
Иштеп жургон мекендештерге качан билет сатылат?
0
Majit1975
2020-07-05 15:33:56
Билет өзү канча болуп атат?
0
Altyn2017
2020-07-05 19:44:03
61 жаштагы Апамды Кыргызстанга кетирейли деп Элчилике кайрылсам очередке жазып бүт документтерин кабыл алышып өзүбүз чалып байланышабыз бара бергиле дегенине 2 ай өттү кечөө түнү кайнем өчередке турбай эле список түзгөн балага 9000 мин рубль берсе сразу уйгө өзүлөрү машина жиберип алып кетишти Аэропортко билети 16000 мин рубль болуптур мына азыр Кыргызстанга жетип алды,так что акчасы барлар кетип акчасы жоктор олтурушат очеред күтүп мына корупция.
+1
Majit1975
2020-07-05 20:39:27
Altyn2017,ошол акча алганы камерага тартып алыш керек эле да
0
bond0202
2020-07-05 22:30:24
курортто журушконсуп ата энесин,кайнене кайнаталарын чакырып алышкандар эми кутуп жаткыла качан алып кетет деп арызданып койуп
+1
Altyn2017
2020-07-06 04:16:35
bond0202,Курорт эмес бул жака дарыланганы келген бир аз ойлонуп суйлөсөн жыргаганынан келген жок.
0
Ananaska
2020-07-05 23:40:33
Студентти деле, башкасы деле "список" тузумуш болгон "адамдарга" акчасын берип кетип атышат. Калган эл "окмоттон жардам болор, комиссиясы эске алар " деген умут мн олтурашат, чиркиндики десе
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан