Бүгүн, 10-декабрда Жалал-Абад облусундагы эпидемиологиялык абал боюнча өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков түз эфирде маалымат берди.
"Облус боюнча коронавирус жана пневмония илдети менен ооругандардын жалпы саны 10 миң 2 адамды түздү. Анын ичинен 4477 бейтап COVID-19, 5525 бейтап пневмониядан жабыркаган.
Бүгүн, 10-декабрга карата 12 жарандан СОVID-19, ал эми 17 жарандан пневмония илдети тастыкталган”, - деп билдирди өкмөт өкүлү.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ооруканада СОVID-19, пневмония менен 163 бейтап дарыланууда, оор абалда 51 бейтап, реанимацияда 1 бейтап дарыланып жатат. Ал эми амбулатордук дарыланууда 167 адам. Айыккандардын жалпы саны 8388. Каза болгондордун жалпы саны 167, анын ичинен 31и СОVID-19дан, 136сы пневмониядан көз жумган.