Өлкөдө коронавируска кабылган жаранды дарылоого орточо эсеп менен 8 миңден 120 миңге чейин каражат керектелет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Анда бир бейтапты дарылоого сарпталган каражат оорулуунун илдетинин даражасына жараша болору айтылат.
"Кыргыз өлкөсүндө вируска кабылган бир бейтапты дарылоого орточо эсеп менен 8 миңден 120 миң сомго чейин каражат керектелет. Каражаттын аз же көп сарпталышы оорунун даражасына жараша болот. Көрсөтүлгөн суммага дары-дармектер, стационарда жаткандыгы үчүн (коммуналдык кызматтар, тамак-аш), дарылоодо колдонулган буюмдар, изилдөө жүргүзүү жана анализ алуу кызматтарына кеткен чыгашалар кирет", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 24-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары онлайн жыйын өткөргөн. Анда "Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус менен ооруган бейтапка 3000 доллар коротулуп жатканын билдирди, бизде бул жагдай кандай каралууда?" деген суроо узатылган. Нурболот Үсөнбаев ал боюнча: "Бизде бир бейтапка канча каражат жумшалып жатканы азырынча так эсептелинип бүтө элек. Болжолдуу ошол эле сумма коротулуп жатса керек", - деген.