Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев бүгүн, 4-апрелде Өкмөт үйүндө онлайн маалымат жыйын өткөрдү. Анда Дастан Догоев коронавируска байланыштуу кандай иш-аракеттер көрүлүп жатканы тууралуу айтты.
2020-жылдын май айында өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрүндө "Санарип аймак" долбоорунун башталышы мерчемделип, жылдын аягына чейин бул долбоор өлкөнүн бардык аймактарына киргизилет. Бүгүнкү күндө "Санарип аймак" 8 айыл өкмөтүнө пилоттук режимде киргизилген. Долбоордо электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде башкаруу тутумун автоматташтыруу камтылат.
"Инфоком" мамлекеттик ишканасы республиканын мамлекеттик органдарында “Infodocs” электрондук документ жүгүртүү системин иштеп чыкты. Бүгүнкү күндө систем 123 мамлекеттик органда иштейт, 6 айда 237 миң документ катталган, ошондой эле 9 миңден ашуун кызматкер системдин пайдалануучулары болуп эсептелет.
"Үйдө отуруп билим алуу боюнча акысыз платформалар түзүлгөн. Мындан улам бардык тургундарга кайрылып, санариптик ресурстарды колдонууну өздөштүрүп, үйдө отуруп билим алууга чакырабыз", - дейт Дастан Догоев.
2020-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системиндеги транзакциялардын жалпы көлөмү 25 миллиондон ашкан, ал эми 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын декабрына чейин 24 миллион транзакция аткарылган.
2020-жылдын биринчи чейрегинде 25 миллион транзакциянын ичинен 14 миллиону мамлекеттик органдардын ортосунда жана 11 миллиону мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдар ортосунда болгон.
Бүгүнкү күндө Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы ыкчам IT-штабы тарабынан бир катар санариптик продуктулар түзүлүп, ишке киргизилген. Алардын катарында өлкөдөгү коронавирус инфекциясына байланыштуу акыркы маалыматтар жайгаштырылып жаткан интернет-ресурстар — www.covid.gov.kg. Оорунун коркунуч жаратуучу белгилери пайда боло баштаган жаранга өз алдынча алгачкы диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ресурс — www.hidoctor.kg. Вирустун дүйнөлүк экономикага, анын ичинде Кыргыз өлкөсүнүн көрсөткүчтөрүнө, тийгизген таасирине байкоо салуучу продукт, коронавирус тууралуу көп берилүүчү суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берүүчү чат-боттор жана башка платформалар бар.
Бишкек шаарынын комендатурасы менен биргеликте, Бишкек шаарында өлкөнүн аймагында транспорт менен жүрүүгө электрондук уруксат кагаздарын берүү системи ишке киргизилди - 1312.tunduk.kg. Өнөктөштөр тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлерине электрондук уруксат кагаздарын эсептөө үчүн 110 смартфон бөлүнгөн.
"Түзүлгөн кырдаалдан улам комитеттин базасында жеке сектордун катышуусу менен курамына ата мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT адисинин башын бириктирген ыкчам IT-штабы уюшулду. Бул адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат", - дейт төрага Дастан Догоев.
Дастан Догоев ыкчам IT-штабдын маанилүү багыттарынын бири республикалык ыкчам штабдын ишине көмөктөшүү болуп саналарын белгиледи. Айтымында, өткөрмө уруксат кагаздарын берүүнү электрондук түргө өткөрүү дагы IT-штабдын көмөгү менен ишке ашырылып жатат.