Соңку 24 саат аралыгында коронавирус инфекциясынан 2 адам каза болду. Республикалык штабдан кабарлашкандай, көз жумгандар инфекцияга каршы эмдөө алган эмес.
Муну менен өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун саны жалпы 2 миң 624 болду.