Кыргыз өлкөсү коронавирус инфекциясын дарылоо үчүн Авифавир дарысын алуу маселесин карап жатат. Учурда бул боюнча Орусия тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдирди.
Айтымында, өткөн аптада Орусиядан келген делегация мүчөлөрү менен Авифавир дарысы боюнча суроо талкууланган. "Биздин медицина илимдеринин кандидаттарынан, докторлорунан, профессорлордон турган эксперттик топ бул маселени карап жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", - дейт ал.
Авифавир - бул сасык тумоого каршы күрөшүүгө негизделген орусиялык өндүрүш. Бул дарынын курамындагы биологиялык активдүү зат бир катар вирустардын көбөйүшүнө жол бербейт, мындан улам Авифавирди коронавирустун дарысы деп аташат.
Буга чейин Орусиянын түз инвестициялоо фонду жана "ХимРар" компаниясы коронавирустук инфекцияны дарылоого колдонуучу Авифавир препаратын экспорттой баштаганы маалымдалган.