Акыркы убакта коронавирус инфекциясы бир гана өпкөгө жана дем алуучу органдарга гана эмес, адамдын башка органдарына дагы залалын тийгизип жаткандыгы жөнүндө көптөгөн далилдер айтылууда. Ошондой эле жүрөккө, кан тамырларга, нерв системаларына жана териге дагы катуу таасир тийгизиши мүмкүн.
Британиялык невролог COVID-19 инфекциясы - илдеттин жеңил белгилери менен ооруган жана айыккан бейтаптардын дагы мээсине олуттуу зыян келтириши мүмкүн деген. Мындай изилдөөнүн автору Лондон университетиндеги колледждин изилдөөчүсү Майкл Занди. Ал жогорудагы пикирин "Brain" басылмасына билдирген.
Неврологдун айтымына караганда, коронавирус мээге жана борбордук нерв системине олуттуу зыян келтирип, психоз, шал жана инсульт ооруларына алып келиши ыктымал.
Лондон университетинин колледжинин неврологдору 40тан ашуун коронавирус менен ооруган бейтаптарга курч жайылган энцефаломиелит (мээнин сезгениши) деген диагноз коюшкан. Бул сезгенүү оорусу борбордук нерв системин дегенеративдүү (организмдин биологиялык жана психологиялык белгилеринин начарданышы) кыйроого алып келет. Мээ жана жүлүн клеткаларынын миелин (нерв кабыктарынын жумшак бөлүгүн түзүүчү май сымал нерсе) кабыгына таасир этет.
COVID-19 илдетинин ар түрдүү таасирлери
Изилдөө жүргүзүлгөн 40 бейтаптын 12си борбордук нерв системинин сезгенишинен жабыркаган. 10у энцефалопатия (мээнин фукциясынын бузулушу) жөлүү же психоз, 8и инсульт болсо, дагы 8инде нерв жабыркаган. Бул нерв клеткаларына залал келтирип, шал оорусуна жана 5 пайызын өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон аутоиммундук реакция. Мындай татаалдыктардан улам бейтаптардын арасынан 59 жаштагы адам каза болгон.
"Коронавирус мээге чабуул жасайт. Биз буга чейин мындайды башка вирустар менен күрөшүүдө көргөн эмеспиз", - дейт Лондон университетинин колледжинин изилдөөчүсү Майкл Занди.
Анын айтымында, бейтаптар эс-тутум көйгөйлөрү, чарчоо, кулагы жакшы укпаган жана алсыздыгы бар бейтаптар невропотологго кайрылып, кеңеш алып турушу зарыл.
Өпкөсү жабыркаган бейтаптардын мээси олуттуу жабыркашы адаттан тыш көрүнүш.
Изилдөөдөгү мисал
Мурун психикалык оору менен оорубаган 55 жаштагы бейтап ооруканадан чыккан соң өзүн кызыктай алып жүрө баштаган. Ал пальтосун кийип, чечип, кайталай берген. Андан кийин ал үйүндө арстан жана маймылдарды көргөндүгүн айта баштаган. Мындан улам ага оруканадан атайын дарылар дайындалган.
Британиялык неврологдор бир канча бейтаптар коронавирустан мээси жабыркап, бирок ал кийинки жылдары байкалышы мүмкүн деп кооптонушат. Изилдөөгө ылайык, 1918-1920-жылдардагы "испанка" тумоосунан кийин ушундай эле кыйынчылыктарды баштан өткөрүшкөн. Болжол менен бир миллионго жакын адамдын мээсине зыян келген.
"Албетте, мындай болбойт деп ишенели. Бирок калктын көпчүлүк бөлүгүнө таасир эткен пандемияга туш болгондуктан, биз даяр болушубуз керек", - деп кошумчалаган Майкл Занди.