Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, министр коронавирус жуктуруп алганын өзү жарыялаган.
"Достор, тилекке каршы силерге жагымсыз кабарымды маалымдоого аргасыз болуп турам. Коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы оорунун бар экенин тастыктады. Мен инфекциялык госпиталда дарыланып жатам", - деген ал.
Елжан Биртанов бардык санитардык талаптарды аткарганына карабай, ооруну жуктуруп алганын кошумчалаган.
Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус менен 14 миң 496 жаран ооруп, анын 9 миң 56сы сакайды. 4 миң 402 бейтапта илдеттин белгилери байкалбай өтүп жатат. Каза болгондордун саны 73кө жетти.