Түркия мамлекети Кыргыз өлкөсүнө гуманитардык жардам көрсөттү

Түркия мамлекетинен гуманитардык жардам Кыргыз өлкөсүнө "Turkish airlines" авиакомпаниясынын учагы менен "Манас" эл аралык аэропортуна бүгүн, 15-июль саат 11:00дө конду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

"6-июлда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында, 2020-жылдын 7-июлунда саламаттыкты сактоо тармагына гуманитардык жардам берүү боюнча эки мамлекеттин ортосундагы түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлган. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам төмөнкү медициналык жабдуулардан турат:

20 өпкөнү жасалма дем алдыруу (ИВЛ) аппарат;
50 кычкылтек концентратору;
20 миң ПЦР-тест комплекти;
20 миң вирусту аныктай турган реагенттердин топтому;
50 миң N95 коргоочу бет кап;
100 миң хирургиялык бет кап;
35 миң коргоочу костюм;
2 миң коргоочу бет кап – козыректор;
10 миң гидроксихлорохин дарысынын таңгагы.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 11-12-февралында Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун алдын алуу үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине гранттык негизде медициналык коргонуу каражаттарын: 200 таңгак тест-систем, 5 миң бир жолу колдонуучу бет кап, 200 коргоочу костюм, 100 коргоочу фильтри менен бет кап жана 12 коргоочу көз айнек тапшырган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aza84
2020-07-15 16:47:12
Буну дагы сатып жибербегиле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан