Өкмөт "Гансиде адамдар өлүп жатышканда, дем алдыруучу аппараттарды колдонууга бербей премьер-министрди күтүп жатышкан экен" деген билдирүүнү төгүндөдү

Интернетке Бишкектеги "Семетей" пунктунда (мурдагы "Ганси" авиабазасы) адамдар дары-дармектин, кычкылтек концентраторунун жетишсиздигинен каза болуп жатышканда, жаңы партиядагы медициналык техникаларды колдонууга бербей өкмөт башчынын келишин күтүп жатышты деген билдирүү тараганы кабарланган.

Талкуу жараткан билдирүүнү өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов төгүнгө чыгарды.

"Бүгүн бир замандашыбыз "Семетей" обсервациясы боюнча өзүнүн пикирин жазган экен. "Биз келгенде жаңы медициналык техникалар турган бир топ коробкаларды көрдүк. Көрсө алар тасма кесип, ачылышын жасоо үчүн өкмөт башчыны күтүп жатышыптыр. Тагыраагы, адамдар өлүп жатканда, алар өкмөт башчынын келишин күтүшкөн экен. Сөз жок..." деген мааниде.

Ушул эле постту биздин белгилүү, сыйлуу жарандарыбыз бөлүшүптүр. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов эч кандай ачылыш салтанатын жасап, тасма кесүү кылган жок. Ал жердеги аткарылып жаткан иштер менен таанышып, дарыгерлер менен сүйлөшүп кайра кеткен. Ушундай оор кырдаалда жалаа жаап, туура эмес маалымат жазуу менимче адамдык сапатка жатпайт. Буга чейин да өкмөт башчы ачык эле айтып, өтүнгөн өкмөттү мактоонун кереги жок, туура (позитивдүү) жаңылыктар менен бөлүшсөк деп. Ошондуктан түзүлгөн кырдаалды эске алып, бири-бирибизди колдоп, көмөктөшсөк жакшы жыйынттыкка келебиз. Туура кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем! Өзүңөрдү жакшы карап, жакындарыбызга кам көрүп, сак бололу!", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kylym.85
2020-07-15 23:26:53
Окмот акыбалынарга мышык эмес чычкан ыйлайт, дары дармек жок болсо, таап келгиле деп жазып берип койсонор , эл байкуш ызылдап оздору издеп журот, канча убакытта табат ал дары уколду , бейтаптын акыбалы эмне болот мынча убакыттын ичинде, силердин эмненер бийлик эмненер окмот , мамлекет деген статус бар бирок эч нерсеси жок пустой,
+7
PeRa
2020-07-16 00:28:17
Башка жоопту күткөн деле эмеспиз. Колунан кармап атса да, моюндарына алышмак беле.
+6
katerina.li
2020-07-16 09:56:27
Ошо аппараттарды кайра жуктоп башка Жака алып кетишиптирго
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан