Акыр замандан корккон Израилдин жараны музейден уурдап алган артефактты кайтарып берди

Израилде коронавирус акыр замандын башталышы деп корккон жаран музейден уурдаган артефактты кайтарып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышкан.

Ага ылайык, Израилдин жараны мындан 15 жыл мурун музейден байыркы артефактты уурдап кеткен. Ал коронавирус пандемиясы дүйнөнүн туш тарабына тарап жаткандыктан, бул вирус акыр замандын белгиси деп коркуп, уурдап алган буюмун музейге ортомчу аркылуу кайтарып берген. Ошондой эле вирустун пайда болуусуна өзүн күнөөлүү сезип, Кудай жазалап жатат деп корккон. Арадан 15 жыл өтсө да анын жаш кезинде жасаган кылмышы жүрөгүн өйүп келген.

Музейден уурдап алган артефакттын формасы боулинг шары сымал ядро болгон. Аны болжол менен мындан 2 миң жыл мурун иерусалимдиктер менен римдиктер согуш учурунда колдонушкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baku24
2020-03-24 00:17:14
Эх АЛЛАХЫМ озун сакта. Эли жерибизде деги эле дуйнодо тынчтык болсун.аты жаман оору тезирээк жоголсун.
+6
nazgul1905
2020-03-24 04:14:51
Биздин 120 жеп ичээрлер да уурдаганын кайтарып беришсе болмок,элди кыйнабай карызга батырып темселетпей
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан