Казакстанда бир суткада 168 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 83 адам вирустун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 85и ооруну симптомдору жок алып жүрүүчүлөр. Коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 105 миң 243кө жетти. Аталган өлкөдө 94 миң 713 бейтап оорудан сакайып чыкты.