"Кыргыз эли коронавирус менен ооруган жок". Кыргыз мамлекетине коронавирус келбей турганын айткан Арстан Алайдын бүгүнкү күндө пикири кандай?

Буга чейин коомдук ишмер Арстан Алай Кытайга вирус жөнөткөнүн айткан эле. Ошол эле учурда бул вирус Кыргыз мамлекетине келбей турганын билдирип келген.

Бүгүнкү күнү өлкөдө коронавирус инфекциясы жана пневмония аныкталгандардын саны 27 миң 143 болду. Алгач Кыргыз мамлекетинде илдет аныкталганда Арстан Алай "кичине убакыт өтсүнчү, көрөлү" деп жооп берген.

Учурда өлкөдө коронавирус илдети күч алып турганда Арстан Алай эмне деп жооп берет? SUPER.KG порталына бул тууралуу айтып берди.

"Кыргыз эли коронавирус менен ооруган жок. Коронавирус болсо биринен-бирине жугуп, үй-бүлөлөр, чогуу жашагандар, байланыш болгондор оорумак, өлмөк. Адамзат көп доорлорду басып өтүп, гени жетилди. Адам ааламдын ролун аткарбаса, денеси ууланып, чирийт. Кан менен тамактанган органдар жарылып, жоюлат. Биринчи өпкө карайып, дем алуу оорлойт. Анан башка органдар иштен чыгат.

Оорудан кутулуш үчүн элди эмоциялык чыңалуудан чыгарып, улуу түшүнүккө өткөрүү керек. Журналисттер, саясатчылар Арстан Алайдан программаларды алып, элге жеткирүүсү зарыл.

Медицина көк мейкин алдында алсыз. Медицинанын убактылуу жардамы тийиши мүмкүн, бирок көпчүлүгүнө жардам бербейт.

Эски түшүнүктөн элди чыгарбасак, оорчулук болот. Оору эле эмес, кырсык да көбөйөт. Аалам шарттарын аткарбасак, аалам күчтөрү жазалай берет", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
mirkaa5182
2020-07-20 18:15:29
Ушу Арстан Алай ойду келди урдура берет экенсинда, өзүңчө эл философ болуп.
+4
aerforce
2020-07-20 18:18:09
Ушул айбанды пневмания менен оорган адамды айыктыр сен кудайсын деп пардан берип жанына жаткызып койуш керекда анан коробуз рухун духун
+10
faraon312
2020-07-20 18:50:23
Тантык. Бул деле сыр бербей ооруп жатса керек.
+7
-BOSS-
2020-07-20 21:06:59
Арстан алайды красный зонага камап койгулачы
+6
toktor89
2020-07-20 21:11:23
Нукура шакал
+4
kolbasa
2020-07-21 02:19:44
Хырымы жептир айтип койгула ошол арстан тупойго
+4
Kona8631
2020-07-21 07:15:48
Озу эмне деп суйлогонун тушунбой деле калды окшойт..а десе б деп жооп бериптпр
+4
Tyty1990
2020-07-21 08:08:06
Врач берген справкадан эле окуп урдуруп коюптур го
+2
aizbek
2020-07-21 08:42:38
Бокту жептир келесоо
+1
Baktyluumun98
2020-07-21 09:00:44
Буга дагы соз тапкан тура.
+1
CHingiz90
2020-07-21 09:07:02
Бул Арстан Алай мээсинен айныган Аллахтын сыноосу менен мындайларга оору да жукбайт тоа кылайын, өзүн Кудай деген каапыр болот
+3
take1984
2020-07-21 12:10:07
арстан алай эмес бул малай чычкан дегенго буну эми туштон кийин ушинтип чыгыптыр корсом сабайм сени
0
Nursul
2020-07-21 13:45:52
Бул тирүүбү? доруп сүйлөбөй жоголуп кетти эле кутулдукпу чын эле деп калдым эле дагы пайда бол баштаган го
0
nurali1989
2020-07-21 17:03:45
Кыргызстанда бир аябай жинди болсон, же аябай мыкты адам болсон атын чыгат. Атын чыкпаса жер орто дегендей.
0
Akoga
2020-07-22 11:16:01
Балким кудуктан суу ичпей калган ушул эле болсо керек. Калгандарыбыз бүт ичип бүткөнбүз. Ким билет ким соо, ким жинди экенин жараткан эле билбесе. Дэги баарыбыз сообузбу. Ар ким өзүн күзгүдөн карасак. Биз сынтакандай болсо кана .акыбалыбыз мышык ыйлаарлык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан