Патологоанатомдор азыркы учурда өз иштерин улантып жатышат жана биз алар менен ар дайым байланышта болуп турабыз, анткени бейтаптардын өлүмүнүн себебин билүү биз үчүн дагы маанилүү. Бул тууралуу "Дарыгерге сөз" долбоорунун эфиринде медицина илимдеринин доктору, Эл аралык Жогорку медицина мектебинин жугуштуу оорулар кафедрасынын жетекчиси, Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы инфекционисти Айнура Кутманова билдирди.
Анын айтымында, акыркы ай ичинде көпчүлүк бейтаптар пневмониядан каза болуп жаткандыгы жөнүндө сөз болууда. "Бизди кызыктырган суроолорду патологоанатомдорго бердик. Анда пневмонияда болгон өзгөрүүлөр менен COVID-19 тастыкталган учурлардын өрчүшү окшошпу деген суроо узатканыбызда. "Ооба экөө окшош" деген жооп алдык.
Анда эмне үчүн ушул диагнозду "пневмонияга" колдондук? Биринчиден бизге COVID-19 менен ооруган бейтап келген. Анын ПЦР-анализинен коронавирус бар экенин көрдүк жана ага дароо коронавирустук инфекция деген диагноз койдук. Ал эми кээ бир бейтаптарда 2-3 жолу, атүгүл 4-жолу да тесттен өтүштү, бирок коронавирус экенин көрсөткөн жок. Мындай учурда коронавирус инфекциясы деген диагноз коё албайбыз. Анткени бизде ооруну аныктоого негизделген эл аралык стандарт бар. Ошондуктан пневмония диагнозун коё баштадык. Бирок андан соң патологоанатомдор эки ооруда тен өзгөрүүлөр бирдей болгонун, ошону менен бир канча бейтаптын өпкөсүнүн тканын алып, изилдөө жүргүзүүнүн жыйынтыгында коронавирус илдети бар болуп чыкканын айтышты.Ошентип 1 аптанын аралыгында бул ооруларды бириктирдик. Учурда биз коронавирус инфекциясы жөнүндө гана сөз кылабыз", - деди Айнура Кутманова.