Бүгүн, 4-апрель саат 10:00гө карата өлкөдө дагы 14 жарандан коронавирус аныкталды. Муну менен ооругандардын саны 144кө жетти.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.