"Реанимация бөлүмүндө орун жоктугу, "Тез жардамдын" жетишсиздигинен улам абалы оор бейтаптар көп каза болду". Эки ай "кызыл зонада" иштеген ыктыярчы дарыгерден маек

Жыл башынан бери дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирус илдети заманыбызды бир силкинтип, адам аттуунун жан дүйнөсүн эңшерип кеткендей болду. Атүгүл, адамзат эсинде ден соолук биринчи байлык экендиги кыттай уюган сыяктуу.

Дүйнөнүн булуң-бурчуна чейин жеткен илдет Кыргыз өлкөсүнөн дагы кыя өтпөдү. Алсак, элибиз аты жаман илдеттин запкысын тартып жаткан кези.

Заманыбыздын баатырлары дарыгерлер мындай кыйын кезеңде алдыда туруп, айлап үй бетин көрбөстөн көрүнбөс жоо менен күрөшүп, элибиздин ден соолугуна кам көрүп жүргөн чагы. Ыктыярчы дарыгер Урматбек Заиров азыр баштагыга салыштырмалуу абал бир топ жакшырганын, пандемия маалында жумушта бир кыйла кыйынчылыктар болгонун SUPER.KG порталына айтып берди.

Урматбек Заиров 1992-жылы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында туулган. Кесиби боюнча дарыгер-уролог.

Азыркы учурда Бишкек шаарындагы №6 шаардык клиникалык оорукананын стационардык бөлүмүндө ыктыярчы дарыгер болуп иштеп жатат.

- Саламатсызбы? Канча убакыттан бери обсервацияда иштеп жатасыз?

- Саламатчылык. Бишкек шаарындагы №6 шаардык клиникалык оорукананын стационардык бөлүмүндө "кызыл зонада" ыктыярдуу дарыгер болуп иштеп жатканыма 2 айдын жүзү болуп калды.

- Азыркы учурда обсервацияга бир күндө канча бейтап кайрылууда? Мындан бир апта мурунку кайрылуулар менен салыштыра кетсеңиз.

- Бизге кайрылган бейтаптардын саны азыркы учурда кыйла төмөндөдү. Бир, эки апта мурункуга салыштырмалуу кайрылуулар азайып, сакайгандардын саны арбын болууда. Биздин стационардык бөлүмдө башында, тагыраагы, жаңы жумуш башталганда 80-100гө чейинки бейтаптар дарыланып жаткан. Азыркы учурда 30-35тей гана бейтап дарыланууда. Буюрса, жакынкы күндөрү бул бейтаптар дагы үйлөрүнө чыгарылат.

- Эпидемиологиялык кырдаалда бейтаптарды дарылоодо кыйынчылыктар көп болгон чыгар...

- Бейтаптарды дарылоодо баштапкы жумушта кыйынчылыктар көп болду. Медайымдардын жетишсиздиги, бейтаптардын саны көп болгону жумушта бир топ татаалдыктарды жаратты.

- Сиз иштеген стационардык бөлүмдө бейтаптардын арасында каза болгондор катталдыбы?

- Биз иштеген стационардык бөлүмдө алгачкы күндөрү каза болгон бейтаптар көп болду. Бир күндө 2-3төн, кээ бир күндөрү 5 бейтап каза болду.

Абалы өтө оор бейтаптарды кайра жандандыруу бөлүмүнө которууда бир топ кыйынчылыктар жаралды. Башкача айтканда бош орундардын жоктугу. "Тез жардам" кызматына чалган учурларда дагы алар жетишсиз болуп, абалы оор бейтаптар жандандыруу бөлүмүнө жетпей каза болгон учурлар көп катталды. Бул биз үчүн абдан өкүнүчтүү жагдай. Азыр Кудайга шүгүр, абал жакшы деп айта алам.

- Бир күндө канча саат иштеп жатасыз?

- Биздин командада 3 бригада бар. Бир күндө 6 саат иштеп, 12 саат эс алып жатабыз.

- COVID-19 илдети пайда болуп, дүйнө жүзүнө тарап жатканда, жада калса өлкөбүзгө вирус келди деген күндө дагы элибизде күмөн ойлор пайда болуп, ишенбей жатышпадыбы. Сиздерде кандай болду?

- Туура айтасыз, COVID-19 илдети пайда болуп, дүйнө жүзүнө тарап жаткан мезгилде кыргыз элибизде дагы ишенбестиктер көп болду. Керек болсо, бул оору дүйнөлүк саясат деп дагы айтылып жүрдү. Азыркы кезде оору бар экенине ишенип калышты. Бул аты жаман оору менен күрөшүп жүргөн дарыгер катары оору бар деп айта алам. Ошону менен элибизди гигиеналык эрежелерди так сактап, өзүнө сак болуп, оорубашын каалайм.

- Дарыгер катары айтсаңыз, коронавирустун экинчи толкуну болот деп жатышат. Анда абал кандай болушу мүмкүн?

- Ооба, коронавирустун экинчи толкуну болот деп жатышат. Буюрса, мамлекет тарабынан экинчи толкунга даярдыктар жүрүп жатат. Аймактарда дагы элдин жардамы менен стационарлар ачылып жатат. Дарыгерлердин даярдыктары эки-үч айдан бери иштеп, чогулткан иш тажрыйбаларыбыз жетиштүү болот деп ойлойм.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Бекем ден соолук, иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз!

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kyrgyz40
2020-07-29 20:54:41
Азаматсын дос ишине ийлилик.
0
GUL2016
2020-07-30 00:14:33
Көк-Талаа айылы.Көк-Тал эмес
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан