Москвада бир ай ичинде коронавирустан жабыркагандардын саны 5 эсеге өстү

Москвада бир ай ичинде коронавирустан жабыркагандардын саны 5 эсеге өстү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Москва шаарында коронавирустун биринчи толкуну учурунда бейтаптардын рекорддук көрсөткүчү 7-майда катталган. Анда 6 миң 703 бейтап вирусту жуктуруп алган. Ал эми июль айынан сентябрдын ортосуна чейин вирустан жабыркагандардын саны азайганы (бир суткада 700 бейтап) байкалган. 8-октябрга карата 3 миң 323 адам аталган илдетти жугузуп алган.

Мындан улам Москванын тургундарына бир нече чектөөлөр киргизилди. Жашы 65тен жогору курактагы адамдар, өнөкөт оорулары барлар, кош бойлуу аялдар үйдө отуруу жана иш берүүчүлөр жумушчулардын 30 пайызы аралыктан иштөөгө жөнөтүү сунушталууда. Окуучулар 2 аптага каникулга жөнөтүлдү.

Башка региондордо ооругандардын саны төмөн. Мисалы, Санкт-Петербургда 8-октябрга карата 461, Москва облусунда 433 бейтап катталган.

Коронавирус илдети башталгандан тарта Орусияда жалпы 1 миллион 253 миң 603 адам илдетке кабылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан