АКШда COVID-19дан каза болгондордун саны 150 миңден ашты

АКШда каза болгондордун саны 150 миң 713кө жетти. Бул тууралуу "The New York Times" гезити Жонс Хопкинс университетинин сайтына таянуу менен жазып чыккан.

Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери АКШда 150 миң 713 адам кайтыш болгон. Өлүм саны эң көп катталган аймактар Нью-Йорк штатында (32 миң 658), Нью-Жерси штатында (15 миң 798) жана Калифорния (8 миң 724).

Июнь айынын башында каза болгондордун саны азайганы байкалган. Тилекке каршы, азыркы кезде 23 штатта күн сайын каза болгондордун саны өсүүдө деп айтылат маалыматта.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 349 миң 324 адамдан коронавирус аныкталды. 1 миллион 389 миң 425 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан