Италиянын 6500 кишилик круиздик лайнери коронавирустун айынан токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 6500 кишилик лайнер Римден 100 чакырым алыстыкта жайгашкан италиялык Чивитавеккья портунда токтотулган. Кемедеги 54 жаштагы Гонконгдон келген айымдан коронавирустун белгилери байкалгандыгына байланыштуу күйөөсү менен кемедеги санитардык изолятордук бөлүмгө киргизишкен. Анализ жүргүзүү үчүн инфекциялык оорулар боюнча Улуттук институттун адистери келишкен. Кемеде учурда 6 миң жүргүнчү жана 1000 чакты экипаж мүчөлөрү бар. Аларга жээкке чыгууга тыюу салынган.
"Айымдын алгачкы анализдери таза чыгып, коронавирус жуктурбаганын билдиришкен. Биринчи изилдөөлөргө караганда бортто вирус жок. Бирок дагы деле жыйын өтүп жатат. Биз толук жыйынтыкты күтүшүбүз керек", - деп Италиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат тараткан.