"Насыялар боюнча төлөмдөрдү кеминде 3 ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат". Улуттук банк коронавируска байланыштуу токтом кабыл алды

Коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам анын экономикага, калкка, ишкер субъектилерине, анын ичинде банктарга жана банк эмес финансы-насыя уюмдарына терс таасир тийгизиши мүмкүн. Анын кесепеттерин жеңилдетүү максатында кабыл алынып жаткан чаралардын алкагында Улуттук банк токтом кабыл алды. Банк 2020-жылдын 18-мартында "COVID 19 пандемиясына байланыштуу финансы-насыя уюмдарынын ишин убактылуу жөнгө салуу эрежелери жөнүндө" токтомун кабыл алды.

Аталган токтом менен Улуттук банк банктардын жана банк эмес финансы-насыя уюмдарынын ишине төмөнкүдөй убактылуу талаптарды коёт:

- Насыялык келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат;

- Насыялык келишимде каралган милдеттенмелерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга айыптык төлөм, туум (пения) салууга жана алууга тыюу салынат;

- Берилген насыялар боюнча төлөмдөрдү кеминде 3 ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат, мындайча айтканда, насыяны үч айдан кийин төлөө;

- Насыялык келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, жеке ишкердикке коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын насыяларына мониторинг жүргүзүүдө насыяларды классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет.

Бул чаралар өлкөдөгү экономикалык жана социалдык кырдаалга жараша Улуттук банк башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин күчүндө болот.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
DanilAylin
2020-03-19 13:01:06
ошондо кредит алгандар март апрел айларына толой албай калса июндан баштап толосо болобу экен
+4
gulzat85
2020-03-19 13:07:06
DanilAylin, ошондой окшойт го
+2
Baatirbek81
2020-03-19 13:13:58
Жанагы комерсиялык банктар дагы киреби?
+2
Nurbany
2020-03-19 14:12:27
Ошондо кредиттер толонбой 3айдан кийин толоп баштайбызбы
+2
Muratmipa
2020-03-19 14:30:43
Жаман түшүнүксүз кылып жазыпсынар 10 жолу окусам да түшүнбөй жатам . Мындай эле 3 ай кредитти төлөбөй турасынар 3 айдан кийин кайра төлөйсүнөр деп . Кредитке пауза коюлат деп
+4
Nurbany
2020-03-19 15:28:25
Muratmipa, Ошо тушунбой жатабыз токпой турсак болмок акчаны керектеп
+2
Nurbany
2020-03-19 14:40:56
Супер инфо жалпак тил мн тушундургулочу
+4
rususu
2020-03-20 06:28:29
Кандай тушунбойсунор,дапдаана эле жазылып турат го,болду эми уч айдан кийин толоп баштайбыз,буюрса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан