Кока-кола Кытайда ко-ку-ко-лэ деп аталат. Эмне үчүн мындай аталып калган?
1928-жылы кытай рыногуна чыккан суусундуктун атын кытайча которо албай коюшкан. Бирок бир канча кытайлык соодагерлер өз алдынча иероглиф менен «ко-ка-ко-ла» деп берүүгө аракет кылышкан. Муну менен алар жазуунун маанисин ойлошкон эмес, жыйынтыгында "Кер сары көнөкбашты тиште" деген сүйлөм келип чыккан. Тактап айтканда, мааниси такыр туура болбой калган.
"Кока-Кола" компаниясынын кызматкерлери аталышы да, мааниси да бул суусундукка туура келген 200 иероглифти тандап көрүшкөн. Бирок ылайыктуу фраза таба албай коюшкан. Аягында «ко-ку-ко-лэ» деп өзгөртүүгө туура келген. Кыргызча которгондо "Ооз үчүн толук бакыт" деген маанини берет.