Тиш жуугандан кийин азыктанган учурда тамактын жагымсыз даамданып калуусу бардыгыбызга эле тааныш. Бул көбүнчө тиш пасталарында колдонулган көбүктүн пайда болушуна байланыштуу. Пастанын курамындагы натрий лаурилсульфаты таттуу даамды кабыл алуу үчүн жооптуу даам сезгичтерин алсыратат. Мындан тышкары, аталган натрий лаурилсульфаты фосфолипиддерди бузат, бул адатта ачууну басаңдатат. Бул нерсе тишти жууп бүткөндөн кийин дароо тамактануу учурунда байкалат.
Ошон үчүн тишти жуугандан кийин жеген таттуу нерсенин бардыгы таттуу сезилбейт, ал эми ачуу тамактын бардыгы эки эсе ачуу болуп даамданат.