Балык жана деңиз азыктары ашказанда 45 мүнөттүн ичинде сиңирилет. Ал эми койдун, уйдун жана жылкынын эттерин ашказанда сиңириш үчүн 5 саатты талап кылат.
Демек түнкүсүн майлуу балыктын бир бөлүгүн жеп жатсаңыз дагы уйкуңуздун тынчтыгына көзүңүз жетет. Омега-3 май кислоталары менен D витамини уйкунун сапатын жакшыртат.
Мындан тышкары тооктун эти дагы адамдын ашказанында бат сиңирилүүчү азыктардын катарына кирет. Мындан улам эч коркпостон эле кечки тамакка тооктун этин жей берсеңиз болот.