Супер фактылар: Блогерлердин түрлөрү тууралуу эмнелерди билесиз?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Эртең, 14-июнь- Эл аралык блогерлер күнү. Бул майрам интернет дүйнөсүндө 2004-жылдан бери майрамдалып келет. Буга себеп 40 мамлекеттен чогулган 500дөй адам өздөрүнүн достук байланышын бекемдөө үчүн атайын бир күн керек экенин айтып чыгышкан.

Блогер- өзүнүн интернет күндөлүгүн жүргүзүп, жашоосундагы окуялар, сүрөт-видеолор жана жеке көз-караштары тууралуу бөлүшүп, кайсы бир көйгөй жөнүндө өз ойлорун социалдык тармактагы катталуучуларына айтып турган адам.

Интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгү болгон жана жашына, жынысына, расасына же улутуна карабастан бардык интернет колдонуучулары блогер боло алышат.

Блогерлердин төмөнкүдөй түрлөрү бар:

Атактуулар

Бул түргө актёрлор, маданият өкүлдөрү, спортчулар, саясатчылар жана башкалар кирет. Алардын жазган билдирүүлөрү көбүнчө пиар максатында же жеке брендин жүргүзүү максатында, чыгармачылыгындагы өзгөрүүлөр жөнүндө болот. Көбүнчө катталуучуларынан келген ар кандай суроолорго жооп берип, жаңы маалыматтар менен бөлүшүп турушат. Мындай блогерлердин баракчасын бир нече адам иштетиши мүмкүн.

Талдоочу-адистер

Көбүнчө билим берүү, агартуу жаатына басым жасаган адистер талдоочу-адистер тобуна киришет. Алар кайсы бир теманын негизинде пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп, ар кандай сурамжылоолорду жүргүзүп турушат. Мындай блогерлер өздөрүн кайсы бир тармак боюнча адис деп эсептешет жана катталуучулар тарабынан жогору бааланат. Мисалы, мугалимдер, юристтер, дарыгерлер, бьюти-блогерлер, фитнес-машыктыруучулар жана башка кеңеш бергендер.

Лайфстайл блогерлер

Өзүнүн жашоо образын бизнес-долбоорго айландыргандар ушул түрдөгү блогерлердин катарын толуктайт. Алар көп учурда кооз сүрөттөрү менен бөлүшкөндөр, күнүмдүк окуяларын кооз кылып жазгандар, туура кийинүүнү үйрөткөндөр, саякат кылгандар же болбосо балага туура кам көрүүнү көрсөткөн блогер-энелер болушат.

Ишкерлер

Мындай блогерлер интернет аркылуу өзү жасаган продуктуларын сатканга аракет кылышат. Ишкер блогерлер башка бренддерди, товарлары жарнамалашпайт. Аларга кол өнөрчүлүк менен алектенгендер, кийим тиккендер ж.б. кирет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-06-13 18:14:00
Бизде популист блогерлер көбөюп кетти. Депутат, блогерлердин негизги куралы популизм болуп калды. Дагы бир популист блогерлер булар кылпычы молдолор, элге жалган максаттарды беришип, өзгөчө динчилдерди реалдуу жашоодон алыстатып коюшкан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан