Тажикстандын транспорт министри өз жанын кыюуга аракет кылды

Коңшу Тажикстандын транспорт министри Худоёр Худоёрзода үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, окуя 11-августта болжол менен таңкы саат 05:00 чамасында министрдин Дүйшөмбү шаарындагы үйүндө болгон. Анда Худоёрзода үй бычагы менен өз жанын кыюуга аракет кылган.

Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган министрге анын аялы, уулу, кызы жана келини биринчи жардам көрсөтүшкөн.

Учурда 62 жаштагы министр Дүйшөмбү шаарындагы "Истиклол" мамлекеттик медициналык мекемесине жаткырылып, операция жасалган. Абалы канааттандырарлык экени белгилүү болду.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан