Казакстанда акыркы бир сутка ичинде 265 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталса, 136 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталгандардын ичинен эң көбү борбор шаар Нур-Султанда 84 адам катталды. Ал эми Алматы шаарында 57 жаран, Атырау облусунда 24 адам, Шымкент шаарында 23 жаран жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен коңшу өлкөдө жалпы 7 миң 234 адамдан инфекция аныкталды. 35 жаран каза болсо, 3 миң 734 бейтап айыгып чыкты.