Супер фактылар: Балыктын кээ бир түрлөрү жынысын алмаштыра алышат

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)
Балыктын айрым түрлөрү жынысын алмаштыра алышат. Бул кандайча жана эмне үчүн деген суроонун үстүндө көптөгөн окумуштуулар изилдөө жүргүзүшкөн. Жаңы Зеландиядагы изилдөөчүлөр бул суроого төмөндөгүдөй жооп беришкен.
Маселен көгүлтүр баштуу талассома балыгы, алар сууда топ-тобу менен жүрүшөт. Бир нече ургаачысын бир гана эркек балык коштоп жүрөт. Эркек талассомалар ургаачылардан башынын көктүгү менен айырмаланып турат. Эркек балыктын милдети - ургаачы балыктарды жырткычтардан коргоо, жем табуу. Бул милдет кооптуу болгондуктан эркек балыктар абдан көп өлүмгө дуушар болушат. Балыктын тобунун эркеги өлгөндөн кийин арасынан бир ургаачы балыкка жынысын алмаштырууга туура келет.
Бул кандай процессте жүрөт?
Эркек балык өлгөндөн кийин ургаачы балыктар стресс болушат. Катуу стресс болгон ургаачы балыктын жыныстык клеткалары өлө баштайт. Эркек балыкка айлануу ушул шартта жүрүп, анда эркек балыктын жыныстык клеткалары пайда болот. Адегенде балыктын сырткы көрүнүшү, башы өзгөрөт. Он күн аралыгында жынысы алмашары дүйнөлүк басылмаларда жазылат. Айрым балыктарда бул бир нече гана саатка созулат.
Жалпысынан дүйнө жүзүндө балыктын 350дөй түрү жынысын алмыштыра алышат. Ага алар жайгашкан суунун шарты, температурасы, түрдүү стресстер, кээде жарыктар жана жаш курагы да себеп болот. Айтор, жогоруда айтылган 350 балыктын түрүндө бул кубулуш түрдүү шартта өтөт. Белгилей кетүүчү жагдай, мындай кубулушка ээ балыктар жынысын ургаачыдан эркекке, эркектен ургаачы алмаштыра алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kadyrova_
2020-08-16 15:03:33
Тобоо.булда болсо Алланын кудуретида.
+6
Akyl78.1501
2020-08-16 15:21:47
Голубойлор термини балыктардан алынган турбайбы ха ха ха ха
+3
jaskaaa
2020-08-17 00:32:45
Akyl78.1501,:)
+1
Mamajanovna77
2020-08-17 12:12:09
Адамдарда деле аялдар жесир калганда стресс болушат.анан балдары үчүн белди бекем байлап ата ролун да аткара башташат. Жынысы алмашпаса да.кызматы эркектей болуп... башка салса байтал ат болот деп ата бабабыз бекер айтпаган
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан