Супер фактылар: Дүйнөдөгү китепти эң бат окуган адам ким экенин билесизби?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Дүйнө жүзүндө китепти эң бат окуган адам - Ким Пик. Ал бат окугандан сырткары китепте жазылгандын баарын эстеп кала алган.

Ким Пик жазылган тексттин 98 пайызын эстеп кала алган. Анын мындай жөндөмгө кантип ээ болгондугун эч ким түшүндүрүп бере алган эмес. Ал көлөмү стандарттуу китепти 8-10 секундда окуп бүтө алган.

Ким Пик АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында 1951-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлгөн. Каймана аты "Ким-пьютер".

Анын атасынын эскерүүсүндө, Ким Пик 3 жашында гезит окуп, түшүндүрмө сөздүктү колдоно алган. 7 жашында Библияны жатка билген. 14 жашында мектеп программасын окуп бүткөн. Ал каза болгонго чейин 12 миң китептин мазмунун эсинде сактаган. Ким Пик 2009-жылы бул дүйнө менен кош айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saparu
2021-02-04 16:56:26
8-10секунд эмес минута болушу мумкун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан