Сорвейра дарагы (сүт дарагы)
Өзгөчө сорвейра дарагы Амазонканын жээгинде өсөт. Андан чыккан суусундук сүттүн курамын элестетет. Дарактан суусундукту чыгаруу үчүн анын сөңгөгүн кесүү керек. Мындан биринчи жолкусунда эле 4 литрге чейин "сүттү" алууга болот. Дарактан чыккан суусундуктун ачуу даамы болгондуктан, көп убакытка чейин аны "уулуу" деп эсептеп келишкен. Бирок азыркы учурда анын зыяны жок экендиги далилденген. Химиялык составы боюнча кадимки сүттүн курамына окшош.
Сорвейра дарагын "Сүт дарагы" деп дагы атап жүрүшөт.