Супер фактылар: Алгач оливье салатына алма кошулганын билчү белеңиз?

Тектеш кабарлар: Супер фактылардын топтому (92 материал)

Супер фактылар рубрикасында бул жолу оливье салаты тууралуу сөз кылабыз.

Оливье салатын алгачкы жолу XIX кылымдын экинчи жарымында Орусияда француз ашпозчусу Люсьен Оливье жасаган.

Ашпозчу салаттын курамын жана даядоо жолдорун эч кимге айткан эмес. Салатты дайыма жабык эшик артынан жасап, сырткы көрүнүшүн абдан кооз кылып бергенге аракет кылган.

1883-жылы Люсьен көз жумгандан кийин өзү иштеткен "Эрмитаж" рестораны узак убакыт бою колдон колго өтүп, аталган салат борбордун бай адамдарынын үйүндө гана жасалып калган.

XX кылымдын 20-жылдарынын орто ченинде ресторандын версиясы боюнча оливье салатынын курамына: 6 даана картошка, 2 даана пияз, 3 даана сабиз, 2 даана туздалган бадыраң, 1 даана алма, 200 грамм кайнатылган тоок эти, 1 стакан жашыл буурчак, 3 даана сууга бышырылган жумуртка, жарым стакан мойенез, татымына жараша туз жана калемпир керектелген.

Убакыттын өтүшү менен салаттын курамы да өзгөрүп турган.

Оливье салатты тууралуу кызыктуу фактылар:

* Биринчи жолу Оливье салатынын рецеби 1894-жылдын 31-мартында "Биздин тамак" журналында пайда болгон.

* Дүйнөдөгү эң көп өлчөмдөгү оливье салаты 2016-жылдын 24-декабрында Екатеринбург шаарында жасалып, салмагы 3333 килограммды түзгөн . Ага 813 килограмм картошка, 470 килограмм сабиз, 400 килограмм бадыраң жана колбаса, 300 килограмм буурчак жана 600 килограмм майонез керектелип, 60 ашпозчу бир нече жолу алмашып иштешкен.

* 2013-жылдын 23-ноябрында Беларусь өлкөсү оливье салатын эң тез даярдоо боюнча рекорд коюп, КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн "Divo" рекорддор китебине кирген. Анда компаниянын өкүлдөрү 20 килограмм салатты 10 мүнөт 5 секундда даярдашкан.

* Оливье салаты француз ашпозчусу Люсьен Оливьенин атынан коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан